akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-05-08, 09:17

    Өкмөт медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдү бекитти

    Министрлер кабинети саламаттык сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдү белгиледи. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

    Атап айтканда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү алыскы райондордогу, кичи шаарлардагы жана айыл жерлериндеги саламаттык сактоо уюмдарында иштөөгө жиберилген педиатрларга, неонатологдорго, жалпы хирургдар жана анестезиолог-реаниматологдорго 20 миң сом компенсациялык төлөмдөр берилет. 

    "Өзгөчө эмгек шарттары үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын медициналык тез жардам дарыгерлерине түзүлгөн келишимдерге ылайык иш жүзүндө иштеген убактысына жараша 20 миң сом компенсациялык төлөмдөр берилет, бирок ал бир ставкадан ашпоого тийиш", - деп айтылат маалыматта.