akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-04-09, 10:27

    KOICA Кыргызстанда таштандыларды азайтууга багытталган долбоорго 74 миң доллар бөлөт

    Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен “Тазар Мекеним” коомдук бирикмеси “Кыргызстанда таштандыларды кайра иштетүү: Бишкекте туруктуу маалыматтуулукту жогорулатуу жана калдыктарды азайтуу” долбоору боюнча гранттык макулдашууга кол коюшту.

    Долбоор таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүүнү жакшыртуу, таштандыларды башкаруу боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу аркылуу полигондордогу таштандылардын көлөмүн азайтуу аркылуу таза жана туруктуу чөйрөнү түзүүгө салым кошууга багытталган. Долбоордун бюджети 74 миң 100 долларды түзөт. Долбоор электр пикап сатып алуу аркылуу таштандыларды чогултуу кызматын жакшыртат, ошондой эле Туризм академиясынын студенттери үчүн кайра иштетүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу үчүн тренинг жана кампания өткөрөт.

    Белгиленгендей, бул пилоттук долбоор KOICAнын Кыргызстандагы кеңсеси жергиликтүү жарандык коом уюмдары үчүн KOICA кызматташуу программасынын алкагында ишке ашат. KOICA ар кандай типтеги программалар жана долбоорлор, ошондой эле маалымдуулукту жогорулатууга багытталган окутуу программалары аркылуу Кыргызстанда экологиялык жана климаттын өзгөрүшү боюнча стратегияларды жана саясаттарды иштеп чыгууну колдоого умтулат.