Жарыяланган
2020-04-08, 07:26Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан колледждерге кабыл алуунун https://spuz.edu.gov.kg/ онлайн порталына 22 миң 70 өтүнмө катталды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
3-августтан баштап колледждер окууга тапшыргандардын тизмесин жарыялай баштады.
Ал эми 3-6-августта – абитуриенттер ОКОЖго кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек.
«Окууга тапшыруучулардын коопсуздугун камсыздоо жана массалык чогулуусун алдын алуу максатында, билим алуу ниетин тастыктоо үчүн колледждер 3-августтан тартып абитуренттерге телефон аркылуу чалышат», - деп жазылат маалыматта.
Документтердин түпнускаларын студенттер ОКОЖдорго окуу жылдын башында бериши керек.