Жарыяланган
2023-25-07, 03:16Коммерциялык банктар 24-июлда банктар аралык валюта соодасында 2,4 миллион доллар сатып алышты. Бул маалымат күнүмдүк соода статистикасында чагылдырылган.
Жалпы сумманын ичинен банктар 500 миң АКШ долларын бүтүм жасалган күндөгү эсептешүүлөр менен жана 1,9 миллион долларды бүтүм жасалган күндөн башка күнгө эсептешүүлөр менен сатып алышкан.
Соодалар доллардын баасы 87,80 сом деңгээлинде ачылып, 86,86 сом деңгээлинде жабылды.