Жарыяланган
2024-02-10, 10:3829-сентябрда Бишкекте “Кленовый лист” гольф клубунда гольф боюнча эл аралык турнир өттү. Турнирди көп жылдардан бери спорттун ар кандай түрлөрүн колдоп, өнүктүрүп келе жаткан “КСБ коммерциялык банкы” уюштурду.
Турнирге Швейцария, Орусия, Кытай, Түштүк Корея, Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн келген гольф оюнчулары, жалпысынан 36 катышуучу катышты.
Бирге-бир өткөн турнир спорттук мелдеш катары гана эмес, баарлашуу жана тажрыйба алмашуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк катары бардык катышуучулар үчүн маанилүү окуя болуп калды.
Турнирдин баш байгеси “Hyundai Santa Fe” үлгүсүндөгү унаа болуп, ага иш-чаранын өнөктөшү “Asiamotors” демөөрчү болду. Байге катышуучуга мээлеп аткандыгы (Hole-in-One) үчүн ыйгарылды.
Турнирдин дагы бир өнөктөшү “НСК” камсыздандыруу компаниясы болуп , компания иш-чараны жогорку деңгээлде колдоого алды.
“КСБ Коммерциялык банкы” жаңы демилгелерди жана өз ара байланышты өнүктүрүүгө активдүү колдоо көрсөтөт. Катышуучулар турнирдин уюштуруучулук деңгээлин жана достук атмосфераны жогору баалашып, иш-чара жаркын жана эсте каларлык окуя болуп калды.
Иш-чара жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи менен аяктады.