akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-04-09, 19:36

    Финансылык чалгындоо кызматы коммерциялык банктардын бирине айып пул салды

    Кыргызстанда террористтик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү жаатындагы мыйзам талаптарын бузган коммерциялык банк жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

    Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банкка ведомство сураган маалыматтарды жана документтерди берүүнүн тартибин жана мөөнөтүн бузгандыгы үчүн 61 миң сом айып салганы кабарланды. 
     


    Тектеш материалды окуу