akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: WWW

    Жарыяланган

    2024-21-02, 10:11

    Аскер кызматкерлерине кызматтык турак жай үчүн 7-9 миң сом төлөнүп келет

    Кызматтык турак жайы жок аскер кызматкерлери 7-9 миң сом өлчөмүндө ижара 
    акысын алышат. Бул тууралуу коргоо министри Эрлис Тердикбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

    Анын айтымында, Бишкекте турак жайды ижарага алган аскер кызматкерлерине 9 миң сомдон, ал эми аймактарда 7 миң сомдон компенсация төлөнөт. 

    Ал компенсациянын көлөмүн жогорулатуу боюнча бул токтомго өзгөртүүлөр даярдалып жатканын билдирди.