akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-05-04, 14:48

    Кореяда расмий түрдө иштеген кыргызстандыктар бир жолку төлөм ала алат

    Түштүк Кореяда расмий түрдө эмгектенип, эмгек акысынан Улуттук пенсиялык кызматына акча чегерилип турган кыргызстандыктар мекенине кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду билдирди. 

    Кореянын Улуттук пенсиялык кызматында топтолгон акчаларын алуу үчүн Соцфондго 113 кыргызстандык кайрылган. Алардын ичинен 96сынын арызы каралып, акчалары төлөнүп берилген. Орточо төлөм 3 миң 642 долларды түзгөн. Дагы 17 киши чечимди күтүп жатат.

    Аталган акчалар бир гана жолу берилет.


    Тектеш материалды окуу