akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-05-04, 06:49

    Кыргызстан менен Азербайжан кош салыктан качуунун жолдорун талкуулоодо

    Баку шаарында 4-апрелден тарта Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн качууга жол бербөө боюнча келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

    Сүйлөшүүлөргө кыргыз тараптын атынан Экономика жана коммерция министрлигинин жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү катышууда.

    Белгилеп кетсек, келишим республиканын экономикасына түз чет элдик инвестицияны тартууга негиз болору да күтүлүүдө.