Жарыяланган
2020-07-01, 05:25КР инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги, 2020-жылдын 5-ноябрынан 10-ноябрына чейин КЭР Шанхай шаарында өтө турган эл аралык China International Import Expo көргөзмөсүнө атамекендик компнаияларды катышууга чакырат. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Бул көргөзмөнүн башкы багыты: тамак-аш, жабдык, керектөөчү инновациялар, медицина жана саламаттыкты сактоо, кызмат көрсөтүүчү тармак ж.б.
Өткөн жылы аталган көргөзмөгө Кыргызстандан Abada Trade, Ekoproduct Asia, Ches, Nocturne компаниялары катышкан.