akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-07-01, 17:58

    Былтыр Кумтөр бюджетке 2023-жылга караганда 122 млн сомго көп салык төктү

    2024-жылдын 11 айында Кумтөр мамлекеттик бюджетке 11 миллиард 460 миллион 779 миң сом которду. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

    Бул сумманын көбү Кумтөрдүн дүң кирешесине салык болуп саналат. Ал 9 миллиард 932 миллион 113,9 миң сомду түздү. Компания ошондой эле Кыргызстандын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүгө жыл сайын мамлекетке 1 миллиард 528 миллион 665,9 миң сом төлөгөн.

    2023-жылдын ушул мезгилине карата Кумтөр мамлекеттик бюджетке 11 миллиард 338 миллион 600,6 миң сом төлөгөн. Анын 9,7 миллиарды дүң продукцияга салык болсо, дагы 1,6 миллиарды кен байлык базасын өнүктүрүүгө жумшалат.

    Алсак, компания 2023-жылга салыштырмалуу дүң кирешеге салыкты 225,8 млн сомго көп, ал эми минералдык-сырьелук базага 103,6 млн сомго аз төлөгөн. Жыйынтыгында бюджетке жалпы төлөмдөрдөн 122 миллион сомго көп каражат түшкөн.


    Тектеш материалды окуу