Жарыяланган
2025-20-02, 16:59Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025-2026-жылдарга санариптик жөндөмдөрдү өнүктүрүү программасын бекитти. Мамлекеттик органдарга анын ишке ашуусу боюнча жол картасын аткаруу тапшырмасы берилди.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025-2026-жылдарга санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана санариптик жөндөмдөрдү үйрөтүү программасын бекитти. Тийиштүү токтомду Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документте программаны ишке ашыруу боюнча жол картасы жана анын ишке ашуусун мониторинг жүргүзүү жана баалоо көрсөткүчтөрүнүн матрицасы камтылган. Мамлекеттик органдарга белгиленген мөөнөттө программаны ишке ашыруу үчүн зарыл чараларды көрүү тапшырылды.
Программа үч негизги багытта иш алып барат: санариптик сабаттуулукту өнүктүрүү үчүн институттук базаны түзүү, жарандардын санариптик билим берүү платформаларына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана калкты санариптик сабаттуулуктун артыкчылыктары тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу.