akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: иллюстративное

    Жарыяланган

    2024-21-11, 10:53

    Кыргызстандыктар өздөрүн жана мүлктөрүн 1,2 трлн сомго камсыздандырышты

    2024-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда келишимдер боюнча камсыздандыруунун жалпы суммасы 1 триллион 210 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

    Камсыздандыруу төгүмдөрү 2023- жылдын тогуз айына салыштырмалуу 10%га аз. Мунун негизги себеби ыктыярдуу мүлктүк камсыздандыруу көлөмү азайган. 

    Ошону менен бирге, 2024-жылдын тогуз айында алынган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү кыйла өсүп, 3,1 млрд сомду түзгөн. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32%га көп.

    Белгилеп кетсек, жыл башынан бери 14,6 миң камсыздандыруу учуру катталып, анын ичинен 53%дан ашыгы кырсыктардан жана оорулардан ыктыярдуу жеке камсыздандыруу, 28%га жакыны ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандыруу болгон.

    Мында камсыздандыруу төлөмдөрүнүн негизги суммасы чарба жүргүзүүчү субъекттердин мүлкүн ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча 179 миллион сомдон ашык жана жеке медициналык камсыздандыруу боюнча 46 миллион сомго жакын каражат төлөнгөн.
     


    Тектеш материалды окуу