Жарыяланган
2025-04-04, 13:22Бишкек шаарынан түндүк айланма жолуна барган Лебединовка – ГЭС-5 жолун реконструкциялоо иштеринин алкагында жер жумуштары жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Узундугу 5,1 чакырымга жеткен бул жол азыр 2 тилкелүү болсо, оңдоп-түзөөдөн кийин 4 тилкелүү болуп калат. Ошондой эле долбоордо учурдагы чоң көпүрөнү кеңейтүү менен жөө адамдар үчүн көпүрө куруу каралган.
Андан тышкары негизги жолго катар Биримдик - Кут конушуна бара турган дагы эки тилкелүү кошумча жол курулат.
Министрлик курулушка тоскоол болгон айрым объектилер алынып жатканын, жолду кеңейтүү үчүн кыйылган дарактардын ордуна андан көбүрөөк бак тигиле турганын билдирди.
Курулуш иштери быйыл бүткөрүлөт.