Жарыяланган
2024-02-10, 09:50“Манас” эл аралык аэропортунда баалуу таштарды, баалуу металлдарды жана алардан жасалган зер буюмдарды импорттоо-экспорттоо учурунда мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча адистештирилген атайын пост ачылды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, анда тиешелүү документтер текшерилет, буюмдардын курамында баалуу металлдар, асыл таштар аныкталат жана зер буюмдардын саны, салмагы, үлгүсү боюнча мамлекеттик акт түзүлөт.