akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-03-06, 03:09

    Марат Юсупов «Бай-Түшүм» банкынын директорлор кеңешинен кетти

    “Бай-Түшүм” банкы аткаруу органынын курамында өзгөрүүлөр болгонун билдирди. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды.

    Тактап айтканда, Марат Юсуповдун ыйгарым укуктары токтотулду. Ал компанияда башкармалыктын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Юсупов бул кызматка директорлор кеңешинин 2023-жылдын май айынын аягындагы чечими менен шайланган.

    “Марат Юсуповдун ыйгарым укуктары анын эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу токтотулду”, — деп билдирет банк.