Жарыяланган
2024-07-05, 10:58Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтында Кыргызстан Коммерциялык Банкынын – Мбанктын акцияларын сатуу боюнча ири бүтүм катталды. Бул тууралуу биржанын сайтына жарыяланды.
Жалпысынан 719 млн 584 миң 616 жөнөкөй акция 3 млрд 597 млн 923 миң 80 сомго сатылды. Бир акциянын баасы 5 сомду түздү.
Белгилеп кетсек, соода KФБнын биринчилик рыногунда өттү, бул банк өзүнүн уставдык капиталын көбөйтөт дегенди билдирет. Банктын биринчи кварталдагы финансылык отчетуна ылайык, анын капиталы 5,1 млрд сомду түзөт.