Жарыяланган
2025-16-04, 09:00MBANK эл аралык SME Banking Agency тарабынан жогору бааланып, өлкө деңгээлиндеги TOP20 SME Banks рейтингинде бир катар негизги категорияларда лидер болду.
Баалоонун жыйынтыгында MBANK Кыргызстанда төмөнкү номинациялар боюнча биринчи орунду ээледи:
Digital Onboarding (бизнес үчүн санарип кошулуу)
Mobile Banking (бизнес үчүн мобилдик банкинг)
Online Banking (бизнес үчүн онлайн банкинг)
Beyond Banking (бизнес үчүн банктык эмес кызматтар)
SME Banking Agency — чакан жана орто бизнестер үчүн банктык кызматтарды изилдөө жана баалоо боюнча адистешкен көз карандысыз эл аралык агенттик. Агенттиктин миссиясы — дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды жана технологияларды колдонуу менен МСБ сегментин өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле банктарга кардарлардын муктаждыктарына багытталган стратегиялык чечимдерди кабыл алуу үчүн так маалыматтарды берүү.
SME Banking Agencyнин мындай жогору баасы, MBANKтын Кыргызстанда бизнес үчүн санариптик банктык кызматтар тармагында лидер экенин дагы бир ирет тастыктап, банк ишкерлерге өз ишин өнүктүрүүгө заманбап, ыңгайлуу жана натыйжалуу куралдарды сунуштоого умтуларын көрсөтүп турат.
Бизнеске дароо старт:
Жеке ишкерликти онлайн каттоо: Салык кызматына барбастан жөнөкөй жана ылдам жеке ишкерчиликти каттоо.
Онлайн эсеп ачуу: Бизнесиңиз үчүн эсепти 1 мүнөттө ачыңыз.
Каржыңызды ыңгайлуу башкарыңыз:
Төлөмдөр жана которуулар: Бизнес үчүн ыкчам төлөмдөр жана акча которуулар.
QR менен төлөм кабыл алуу: Кардарлардан төлөм алуунун ыңгайлуу жолу.
MBANKка акча которуу: MBANK картаңызга акча которуунун жөнөкөй жолу.
Валюта алмашуу 24/7: Сутканын каалаган учурунда валюта алмаштырыңыз.
Бизнесиңизди натыйжалуу башкаруу:
Кредиттерди башкаруу (жабуу, алдын ала), MPlus жана Мурабаха бөлүп төлөөсү үчүн онлайн-куралдар.
POS-терминал жана ККМ менен иштөө функционалы: Өтүнмөлөр жана башкаруу.
Жөнөкөй бухгалтерия:
Онлайн бухгалтерия: Ыңгайлуу кадрдык учет.
Салык календары: Эскертуүлөр менен коштолгон календарь жана салыктарды/төлөмдөрдү автоматтык эсептөө жана төлөө.
MBANKтын Кыргызстанда бизнес үчүн мыкты санарип банк катары таанылышы — анын инновациялык ыкмасын жана кардарга багытталган ишмердигин баса белгилейт. MBusiness — бул өлкөдөгү ишкерлер үчүн чыныгы толук онлайн форматтагы биринчи санарип банк.
MBANK — Биринчи санарип!
КРУБ №014 лицензиясы