akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-12-11, 11:45

    Медициналык мекемелердин жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салынат

    Мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салынат. Тиешелүү мыйзам долбоору парламенттин Социалдык саясат комитетинде экинчи окууда жактырылды.

    Кыргызстанда мамлекеттик медициналык мекемени жетектеп туруп, жеке клиника ачып алган же ал жакта кошумча иштеген айрым кызмат адамдарына карата сын-пикирлер айтылып келет.

    Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, учурда өлкөдөгү төрт мамлекеттик оорукананын жетекчисинин жеке клиникалары бар. 


    Тектеш материалды окуу