akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-15-03, 10:52

    Megapay тиркемесинен баалуу кагаздарды сатып алса болот

    Megapay тиркемесинен мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Долбоорду Каржы министрлиги Кыргыз фондулук биржасы жана Megacom компаниясы менен ишке ашырды. Бул тууралуу Каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

    Маалыматка ылайык, аталган тиркемеден мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алса болот. Баалуу кагаздарга мамлекет тарабынан жогорку деңгээлде кепилдик берилген. 

    “Баалуу кагаздардын үстөк пайызы 15 пайызды түзүп, жарандар үчүн абдан ыңгайлуу, сатуу шарттары да жөнөкөй”, - дейт министр. 

    Министр мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга чакырды.