akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-08-08, 11:30

    Кыргызстандын эл аралык резерви 4 млрд долларга жетти

    Июль айынын аягында Кыргызстандын дүң эл аралык резерви 3 млрд 987,95 млн долларга жеткен, анын ликвиддүү бөлүгү 3 млд 914,13 млн долларга бааланган.

    Бир ай мурункуга салыштырмалуу алар дагы 203,55 млн долларга көбөйүп, өлкө үчүн жаңы тарыхый рекорд койду.

    Жалпысынан Кыргызстандын резервдери 2023-жылдын апрелинен бери үзгүлтүксүз өсүүдө. Бул убакыт ичинде алар 1 млрд 649,76 млн долларга же 70,6%га көбөйүп, быйылкы жылдын башынан бери өсүш 674,46 млн долларды түздү.