akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: WWW

    Жарыяланган

    2024-31-07, 03:30

    Каржы министрлиги август айында 2 млрд сомдон ашык каражат тартууну көздөп жатат

    Финансы министрлиги 2024-жылдын августуна карата мамлекеттик казына облигацияларынын эмиссиясын жарыялады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

    Анын жалпы көлөмү 2 миллиард 550 миллион сомду түзөт. Биринчи аукцион 2-августта өтүп, анда 1 миллиард 300 миллион сомдук облигациялар 8 пайыздык купондук жана 10 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен сунушталат.

    Мамлекеттик облигациялардын кезектеги чыгарылышы 9-августта 250 миллион сом суммасында пландаштырылган. Бул чыгарылыш боюнча купондук чен 7%, ал эми төлөө мөөнөтү 7 жыл болот.

    Үчүнчү аукцион 16-августта уюштурулуп, 600 миллион сомдук облигациялар чыгарылып, 8 пайыздык үстөгү менен жүгүртүү мөөнөтү 10 жыл болот.

    Мамлекеттик облигациялардын август айындагы акыркы эмиссиясы 23-августта өтүп, көлөмү 400 миллион сом жана купондук чен 7% болот. Бул облигациялардын да төлөө мөөнөтү 7 жыл.