akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-26-07, 05:19

    Каржы министрлиги баалуу кагаздар аркылуу бюджетке 14 млрд сом тартат

    Баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу Каржы министрлиги 2024-жылы республикалык бюджетке 14 млрд сом кирешени камсыз кылууну пландаштырууда. Бул тууралуу Каржы министрлигинин мамлекеттик карыз башкармалыгынын башчысы Абданбек Абдыбапов билдирди.

    Ошол эле учурда жарым жылда 9,6 млрд сом түшкөн. Бул жылдын планынын 69%ын түзөт. 

    “Биз экинчи жарым жылдыкта белгиленген планды ашыра аткарабыз деп күтүп жатабыз, анткени мамлекеттик баалуу кагаздарга суроо-талап өсүп жатат. Бул алардын эффективдүүлүгүнөн кабар берет”, - деди Каржы министрлигинин мамлекеттик карыз бөлүмүнүн башчысы.