akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-13-09, 07:27

    «Бек кабель» заводунда кадр тартыш

    12-сентябрда Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Аламүдүн районундагы "Бек кабель" электр кабелдик заводуна барды. Иш сапардын алкагында өндүрүштүн башчысы Жолдошбек Ибраев менен жолугушуу болду. Талкуунун негизги темасы заводду квалификациялуу кадрлар менен камсыздоого көмөктөшүү болду, деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматы.

    Ишкана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата ачылган 100 заводдун катарына кирген.

    "Заводдо 64 адам иштейт, орточо айлык 30-35 миң сомду түзөт. Ишканага эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон адистер керек (бурагыч, кайра орогуч, ширетүүчү, электрик, слесарь ж.б.). Завод электр кабелдерин чыгаруу менен алектенет, бул Кыргызстанда товардын өздүк наркын төмөндөтөт. Кадрлар менен камсыз кылуу менен ички рынокту өз продукциябыз менен толук камсыздай алабыз. Келечекте 200-400 жумушчу орун түзүү пландалууда", - дейт Жолдошбек Ибраев.

    Эмгек министри Жылдыз Полотованын айтымында, ведомствонун ишинин маанилүү багыты өлкөнүн экономикасынын түрдүү тармактары үчүн адистерди кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.

    "Ишканада айрым суроо-талапка ээ болгон кесиптер боюнча окуу программалары жок болгондуктан, бул багыттагы маселени Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте иштеп чыгуу зарыл. Биринчи жарым жылдыкта эле министрлик эмгек рыногунда талап кылынган 4 миңден ашык адисти даярдады. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15%га көп", - дейт ал.

    Жолугушуунун жыйынтыгында заводду кадрлар менен камсыздоо жагында кызматташуу боюнча келишим түзүлдү.


    Тектеш материалды окуу

    • «Бек кабель» заводунда кадр тартыш
      12-сентябрда Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Аламүдүн районундагы "Бек кабель" электр кабелдик заводуна барды. Иш сапардын алкагында өндүрүштүн башчысы Жолдошбек Ибраев менен жолугушуу болду. Талкуунун негизги темасы заводду квалификациялуу кадрлар менен камсыздоого көмөктөшүү болду, деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматы
      2024-13-09 01:27:20