Жарыяланган
2024-02-12, 16:20Бүгүнтөн тарта Бишкекте муниципалдык автобустарда накталай акча чогултуу планы жокко чыгарылды. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Буга чейин автобус айдоочулары планды аткаруу оорчулук жаратып, аны толтуруу үчүн көбүрөөк жүргүнчү алуу максатында “жарышка түшүүгө” туура келип жатканын айтып нааразы болушкан.
Мэрдин чечимине ылайык, мындай план жокко чыгарылат, бирок накталай төлөнгөн акчанын эсеби камералар аркылуу көзөмөлдөнөт. Каражат жетпей калса, айдоочуларга карата чара көрүлөрү айтылды.