akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-18-03, 10:11

    Араван райондук автобекети мамлекеттин балансына алынды

    Араван райондук автобекети мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

    Аталган объект Араван айылынын Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан жана жалпы аянты 0,33 гектарды түзөт.

    Маалыматка ылайык, 2000-жылдары автобекеттин аймагы 29 жеке ишкерге мыйзамсыз берилгени аныкталган, алар КР "Автомобиль транспорту жөнүндө" мыйзамын бузуу менен жер-жерлерде соода жайларын уюштуруп, стратегиялык объектини толук реконструкциялашкан.

    Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен объектини Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп беришти.


    Тектеш материалды окуу