Жарыяланган
2024-28-03, 09:06Коммерциялык банктардын бирине айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.
Маалыматка ылайык, банк Жалал-Абад облусунда жайгашкан.
Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн банкка 55 миң сом айып салынган.
Белгилеп кетсек, Улуттук банк кайсы банк экенин жазган эмес.