Жарыяланган
2024-07-08, 04:1835/10 кВ "Жеңиш" көмөк чордонунда жаңы вакуумдук өчүргүч алмаштырылып, толук ремонттук иши аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
"КУЭТ" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасынын көмөк чордон кызматы Ак-Талаа районундагы 35/10 кВ "Жеңиш" КЧда эскилиги жеткен жабдыктарды алмаштырып, жаңы вакуумдуу өчүргүчтү орнотушту.
Ошондой эле, релелик коргоо жана автоматика кызматы тарабынан жабдууларды зыянга учуратпоо максатында коргоочу жабдуулар жаңыланды.
Аталган көмөк чордон 1968-жылдан бери Ак-Талаа районуна караштуу Жеңиш айылынын 600 абонентин электр жарыгы менен камсыз кылып келген, бүгүнкү күндө керектөөчүлөрдүн саны өсүп электр жабдыктарын жаңыртууга муктаждык жаралган. Бардык керектүү жабдыктар капиталдык курулуштун эсебинен алынып, орнотуу иштери толугу менен аяктады.