Жарыяланган
2025-25-04, 16:11Нарын облусундагы кубаттуулугу 100 МВт болгон Куланак ГЭСин 2026-жылы ишке берүү пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Бул ГЭСте ар биринин кубаттуулугу 25 МВт болгон 4 гидроагрегат орнотулат. Алар жылына 450 млн кВт/саатка чейин электр энергия өндүрүп турат. ГЭС Нарын жана Ат-Башы дарыялары кошулган жерден 0,8 чакырым ылдый жагында жайгашкан.
Учурда курулушта 600дөн ашык жумушчу иштеп жатат. Курулуштун активдүү баскычы башталганда ишке 1000ге чейин адам тартылат. ГЭСтин курулушун «Нарын» өндүрүштүк ишканасы» компаниясы жүргүзүүдө.
"Куруучулардын ыңгайлуу жашоосу үчүн керектүү шарттар менен жабдылган вахталык шаарча салынган, ал жерде коомдук, маданий жана коммуналдык кызмат көрсөтүүчү объектилер жайгашкан", - деп айтылат маалыматта.
ГЭС өлкөдөгү электр энергияга болгон ички суроо-талапты канааттандыруу, экологиялык жактан таза жана ресурстарды үнөмдөөчү энергетикага өтүү жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо максатында салынууда. Ошондой эле ГЭС курулгандан кийин андан чыккан электр энергияны CASA-1000 долбоорунун алкагында Пакистан жана Ооганстанга экспорттоого мүмкүн болот.