akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: иллюстративное

    Жарыяланган

    2024-22-11, 15:51

    «Балага сүйүнчү» жөлөкпулун санарип сом менен төлөө пландалууда

    Кыргызстанда “Балага сүйүнчү” жөлөкпулун санарип сом менен төлөө пландалууда.

    Улуттук банктан билдиришкендей, мамлекеттик-социалдык төлөмдөр боюнча санарип сом платформасынын прототибин апробациядан өткөрүүнүн II фазасын талкуулаган жыйын өттү. Анын алкагында өлкөнүн башкы каржы мекемеси “Балага сүйүнчүнү” санарип сом платформасында ишке ашыруу долбоорун сунуштады.

    Бирок демилге качан иштей турганы такталган жок.


    Тектеш материалды окуу