akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: иллюстративное

    Жарыяланган

    2024-14-11, 19:51

    Улуттук банк ноябрда экинчи жолу валюта рыногуна интервенция жасады

    Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын басымынан улам сомдун курсун турукташтыруу үчүн дагы бир жолу валюта рыногуна интервенция жасап, 68 миллион 650 миң долларды сатты.

    Жалпы сумманын 39,7 миллион доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен, дагы 28,95 миллион доллары бүтүм жасалган күндөн айырмаланган эсептешүүлөр менен сатылган.

    Жөнгө салуучу валютаны банктар аралык соодалашууда 86,2 сомдон 86,5 сомго чейинки диапазондо сатты. Натыйжада сессия доллардын курсу ачылыш баасына салыштырмалуу 0,35%га жогорулашы менен жабылды.

    Улуттук банктын валюта рыногуна чыгышына АКШ долларынын сомго карата курсунун өсүшү себеп болгон. Алсак, Улуттук банк тарабынан 15-ноябрга карата белгиленген расмий курска ылайык, америкалык валюта 0,2%га кымбаттап, 86,3765 сомду түздү.

    Кошумчалай кетсек, бул Улуттук банктын быйылкы тогузунчу валюталык интервенциясынын натыйжасында долларды сатуунун жалпы көлөмү 390,6 миллион долларды түзгөн. Мындан тышкары, жөнгө салуучу орган тарабынан 13 тескери интервенция жүргүзүлүп, рыноктон 369,85 миллион доллар алынган.


    Тектеш материалды окуу