akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: WWW

    Жарыяланган

    2024-07-06, 05:28

    Улуттук банк банкоматтардан накталай акча алууга чек койду

    Буга чейин эквайерлер банкоматтар аркылуу бир жолку накталай акча алууга чек коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болчу. Бирок, Улуттук банктын маалыматы боюнча “Банктык төлөм карталары жөнүндө” токтомго чектерди (лимиттерди) белгилөө эрежелерин жөнгө сала турган өзгөртүүлөр киргизилди. 

    Эми банкомат аркылуу картадан чоң сумма алуу үчүн маалыматты бир нече жолу киргизүүгө туура келет. Бирок азыркы өзгөртүүлөргө ылайык, банктар карта ээлерине бир убакта 20 миң сомдон кем эмес акча алуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү. 

    "Эквайер (тейлөөчү финансылык уюм) башка эмитент тарабынан чыгарылган карта ээсине банкомат аркылуу бир операция үчүн улуттук валютада 200 (эки жүз) эсептик көрсөткүчтөн кем эмес суммада же бул сумманын чет өлкө валютасындагы эквивалентинде акча каражаттарын накталай акчага айландыруу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү. Мында, карта ээси, анын ичинде башка эмитент тарабынан чыгарылган картанын ээси өз тандоосу боюнча белгиленгенден да аз суммада акча каражаттарын банкомат аркылуу алууга укуктуу", - деп айтылат маалыматта.