akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-24-09, 14:45

    Ноокатта 93 млн 221 миң сомго бааланган турак жай мамлекетке өттү

    Ноокатта 48 батирлүү турак жай мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, Ош облустук прокуратурасы тарабынан соттук актылардын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Ноокат шаарында 48 батирлүү үй 0,48 га жер тилкеси менен Ноокат шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жеке тарапка сатылып кеткендиги аныкталып, сот органдарына доо арыз келтирилген.

    Доо арыз сот органдары тарабынан канааттандырылып, мыйзамсыз түзүлгөн келишимдер жараксыз деп табылды. 

    Натыйжада, 93 млн 221 миң сомго бааланган үй Ноокат шаарынын муниципалдык балансына алынды.