akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-09-07, 08:34

    Ноокатта алма сактоочу соода-логистикалык борбору ачылды

    Ноокат районунун “Ноокат алмасы" айыл чарба багбанчылык кооперативи алма сактоочу соода-логистикалык борборун ачты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

    Соода-логистикалык борбордун аянты 1140 чарчы метр. Сыйымдуулугу 1200 тонна. Сметалык баасы 141 млн сомдон ашкан. 

    Аталган борбор Дүйнөлүк Банктын Ош облусунда жана Ош шаарындагы "Региондорду экономикалык өнүктүрүү" долбоору, АРИСтин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору, ЮСАИД гранты жана жеке ишкердин салымы менен курулду. 

    Багбанчылык кооперативинде сыйымдуулугу 350 тоннага ылайык мөмө-жемиш сактоочу муздаткыч, таңгактоочу линия, сорттоо жана жуугуч цехи бар. 

    "Ноокат алмасынын" 15га жеринде интенсивдүү алма, 4 га жеринде гилас, 4 га жеринде жаңгак бактары бар. Көчөттөр Польша, Америка жана Турциядан алынып келинген. 

    Ишканада Италиялык шпалер системасы орнотулган. Бактар Израилден чыгарылган заманбап тамчылатып сугаруу системасы аркылуу сугарылат. Анда сезондук мезгилде 70ке жакын жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болушат.