Жарыяланган
2025-19-03, 15:12Нооруз майрамына байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипке өтүүдө. Ички иштер министрлиги тартипти камсыздоо жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планын бекитти.
Мындан тышкары, кылмыштуулуктун алдын алуу иштери күчөтүлүп, массалык иш-чарада балдар адашып калса, ыкчам чаралар көрүлөт.
Милиция кызматкерлери тартипти жана мыйзамды бузбай, элге сылык мамиле жасап, өз милдеттерин так аткарууга милдеттүү.