Жарыяланган
2024-27-12, 18:19Кыргызстанда ак ниет ишкерлердин реестри түзүлдү. Анын курамына сегиз компания кирген. Алардын тизмесин Экономика жана соода министрлиги жарыялады.
Тизмеге кирген компаниялардын арасында «Алайку Органикс» ЖЧКсы, «Альянс Алтын» ЖЧКсы, «Кул Брос» ЖЧКсы, «Айко-Сейко» ЖЧКсы, «Аджи Сервис» ЖЧКсы, «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ЖАКсы, «Бай Дыйкан» ЖЧКсы жана «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК бар.
Реестрге киргизүү компанияларга бир катар артыкчылыктарды берет. Маселен, алар мамлекеттик телеканалдардан ЖМКларды жарнамалоо үчүн бекер эфир убактысын, артыкчылыктуу салык жана бажы кызматтарын алышат, ошондой эле Кыргызстандын атынан эл аралык көргөзмөлөргө, жарманкелерге, форумдарга акысыз катышышат.
Мындан тышкары, реестрден ишканалар салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү кошпогондо, мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүлөрүнөн үч жылга бошотулат жана мамлекеттик кредиттөө программаларын ишке ашыруунун алкагында жеңилдетилген каржылоону алышат.