akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-15-10, 11:22

    Ооганстандагы этникалык кыргыздарга дары-дармектер жеткирилди

    Ооганстандагы этникалык кыргыздарга дары-дармектер жеткирилди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, гуманитардык жардам Бадахшан провинциясында жашагандарга берилди. 

    Миссиянын алкагында дарыгерлер тобу (кардиологдор, стоматологдор, акушер-гинеколог) 755 жаранга, анын ичинде 195 аялга жана 180 балага медициналык жардам көрсөтүштү.

    Ошондой эле жергиликтүү калкка жугуштуу жана ар кандай ооруларды өз убагында аныктоо, бодо, майда малга ветеринардык дары-дармектерди туура колдонуу боюнча окутууларды өткөрүштү.


    Тектеш материалды окуу