Жарыяланган
2024-23-10, 15:232024-жылдын 18-ноябрында Бишкекте "Оптима Банк" ААКнын акционерлеринин кезексиз чогулушу өтөт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
Жыйында негизги маселелердин бири жөнөкөй акциялардын санын көбөйтүү болот. Күн тартибине банктын акционерлеринин арасында кошумча чыгарылган акцияларды жеке жайгаштыруу маселесин талкуулоо да бар.
Жолугушууда ошондой эле "Оптима Банк" ААКда банкка исламдык финансылык продуктыларды жана кызматтарды сунуштоого мүмкүндүк берүүчү "ислам терезесин" ачуу маселеси талкууланат. Буга байланыштуу ислам банкингинин принциптерин сактоого жооп бере турган Шариат кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо маселеси каралат.
Мындан тышкары, акционерлер бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен банктын уставдык капиталын көбөйтүү боюнча чечим кабыл алышы керек.