akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-16-11, 11:25

    Орусияга кирген кыргызстандыктар биометрикалык маалыматтарды тапшырат

    Чет элдиктер Орусияга кирип-чыккан учурда биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек.

    Тиешелүү чечим 1-декабрдан тарта күчүнө кирерин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

    Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар аталган өлкөнүн эл аралык аэрпортторунда жана Оренбург облусундагы Маштаково өткөрүү пунктунда биометрикалык маалыматтарын тапшырышы зарыл.

    Кыргызстандыктарга Россиянын мыйзамдарындагы талаптарды эске алуу жана чек ара бекеттеринде кошумча процедураларга даяр болуу сунушталат.


    Тектеш материалды окуу