Жарыяланган
2024-05-11, 17:40Орусиянын “кара тизмесинде” Кыргызстандын 76 миңден ашуун жараны бар . Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.
Чиновник кошумчалагандай, тобокелчиликке кабылган жарандардын тизмесинде 70 миңден ашуун адам турат. Булар Россиянын аймагына киргенден кийин административдик мыйзам бузууга баргандар.
Белгиленгендей, жакында Кыргызстандын жарандары өздөрүнүн кара тизмеде бар-жоктугун чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун сайтынан биле алышат.