akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2021-16-11, 04:15

    «Ош» эл аралык аэропорту кышкы графикке өттү

    “Ош” эл аралык аэропорту күзгү-кышкы графикке өттү. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун" коомчулук менен байланыш кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, аэропорт 2021-жылдын 31-октябрынан тарта учууларды жаңы ырааттама менен тейлей баштады жана жаңы түзүлгөн график 2022-жылдын 26-мартына чейин иштейт. Алсак, ички каттамдар боюнча:

    Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча учууларды "TEZ JET" авиакомпаниясы жумасына 26 жолу аткарат (күнүнө 3-4 каттам).

    Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча учууларды "Avia Trafic Company" авиакомпаниясы жумасына 7 жолу аткарат (күнүгө).

    Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча учууларды "Эйр Манас" авиакомпаниясы жумасына 15ке жакын каттамдарды аткарат (күнүгө 1-2 каттам).

    Эл аралык каттамдар боюнча http://www.airport.kg/ шилтемеси аркылуу маалымат ала аласыз.