Жарыяланган
2021-03-08, 07:30Ротация жолу менен Ош облустук статистика башкармалыгынын башчысы болуп Ахмаджан Махаммадов дайындалды. Тиешелүү буйрукка Улуттук статистика комитетинин төрагасы Самат Насирдинов кол койгон. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Ахмаджан Махаммадов буга чейин өлкө башчынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп 11 жылдан бери эмгектенип келген.