Жарыяланган
2024-12-12, 09:40Ош облусунда үч энергообъект колдонууга берилди.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, алар Кара-Кулжа райондук электр станциясынын административдик имараты, “Бүлөлү” подстанциясы жана электр өткөрүү линиялары.
Объекттердин ишке кириши менен аймактагы электр энергиясы менен камсыздоонун сапаты жакшырат деп күтүүлүдө.