Жарыяланган
2025-30-01, 16:32Ош облусунун Араван районунда жазгы талаа иштери башталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда дыйкандар картошканын эрте бышуучу түрүн эге баштады.
Белгиленгендей, министрлик 2025-жылдын жазгы талаа жумуштарын уюштуруу үчүн облус, район, айыл аймактардын өкүлдөрү менен жер-жерлерде штабдарды түзүп, иш алып барууда.