akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-18-04, 16:52

    Ош шаарында АКШдан ташылып келген 18 тонна күрүч жок кылынды

    Ош шаарында АКШдан ташылып келген 18 тонна күрүч жок кылынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. 

    Министрликтин маалыматы боюнча, 18 тонна күрүч NPO Mercy Corps (МерсиКо) уюму тарабынан темир жол аркылуу ташылып келген. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин Оштогу башкармалыгынын кызматкерлери аталган күрүч толугу менен жараксыз экенин аныктаган. 

    Натыйжада 18 тонна күрүч Ош шаарындагы таштанды жайында жок кылынган. Ага тиешелүү органдардын өкүлдөрү жана Mercy Corps International компаниясынын өкүлдөрү катышкан.


    Тектеш материалды окуу