Жарыяланган
2024-12-09, 11:50Оштогу кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кара-Суу" өткөрмө бекети кайрадан ачылды.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, өткөрмө бекетте эки тарапта бештен кызматкер суткасына 4 миңден 5 миңге чейин адамды тейлей алат.
Эске салсак, аталган пункт мындан 14 жыл мурун жабылган.
Буга чейин Ош облусунда кыргыз-өзбек чек арасындагы эки өткөрмө бекети ачууга даярдалып жатканы айтылган. Учурда “Ынтымак” пункту оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.
Кошумчаласак, эки өлкөнүн чек арасында жалпы 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган.