akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-08-07, 08:06

    Ошто пахта өстүрүү секторуна 10 млн сомго лаборатория сатып алынды

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон сапар учурунда Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоонун райондор аралык борборунун пахта өстүрүү секторуна берилген жаңы жабдуулардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

    АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан Ош облусунда жана Ош шаарында “Региондук экономикалык өнүгүү” долбоорунун алкагында 2023-2024-жылы Пахтаны өстүрүү секторуна 10 млн сомго жакын лабораториялык жабдуулар, кеңсе буюмдары алынып, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Пахта өстүрүү сектору Кара-Суу шаарында жайгашкан. 

    Жылдын аягына чейин дагы 600 миң сомго лабораториялык жабдуулардын алынуусу күтүлүүдө. 

    Долбоордун негизинде алынган заманбап лабораториялык жабдуулар жүргүзүлгөн анализдердин сапатын жогорулатып, ага кеткен убакытты кыскарат. Ошондой эле, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шарттар түзүлүп, лаборатория эл аралык стандарттарга ылайык аккредитациялоо жол-жобосуна даяр болот.