akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-03-07, 10:46

    Оштогу дүкөндөрдөн «Золотая жизнь» суусундугу сатыктан алынууда

    Ош шаарында Ооганстанда өндүрүлгөн “Golden Life” маркасындагы алкоголсуз газдалган суусундугун шаардагы соода түйүндөрүнөн алып салуу иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди 

    Иш-чаралар КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин калктын жана балдардын ден соолугуна тиешелүү буйругунун негизинде жүргүзүлүүдө. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы, аталган суусундуктун курамында балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон "азорубин Е122” боёгу чыкканын көрсөткөн. 

    Ошондой эле, соода түйүндөрүнүн жетекчилерине аталган продукцияны сатууга тыюу салуу боюнча тиешелүү буйруктар берилди.