akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-02-07, 11:40

    Оштон Ысык-Көлгө дагы бир каттам ачылды

    “Sky FRU” авиакомпаниясы Ош-Ысык-Көл каттамын ачты. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди. 

    Каттамдар жумасына төрт жолу – дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү аткарылат.

    Белгиленгендей, бул авиакомпаниянын биринчи каттамы бир күн мурун 153 жүргүнчүсү менен Ысык-Көл эл аралык аэропортуна конгон. Ошол эле каттам менен 153 жүргүнчү кайра Ошко учуп кеткен.