Ушул жылдын 19-июнунан 23-июнуна чейинки жума ичинде Финансылык көзөмөл органы тарабынан лицензиялык-уруксат берүүчү документтер берилген, баалуу кагаздардын эмиссиясын мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн, ошондой эле эмиссиянын жыйынтыгы таанылган.
Белгилеп кетсек, ата мекендик “Биткор” компаниясы 2023-жылдын 28-апрелинде катталган, виртуалдык активдерди сатуу оператору (криптобиржа) катары иштөөгө лицензия алган.
Мындан тышкары, бир жуманын ичинде Финансылык көзөмөл органы тарабынан төмөнкүдөй документтер берилген:
- “Digital Asset Investments” ЖАК - жөнөкөй аталыштагы акциялардын уюштуруучу чыгарылышын мамлекеттик каттоо;
- “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАК — жөнөкөй аталыштагы акциялардын экинчи чыгарылышын мамлекеттик каттоо;
- "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААК - жөнөкөй аталыштагы акциялардын үчүнчү чыгарылышын мамлекеттик каттоо;
- ЖАК АКБ Толубай — 26-чыгарылыштагы жөнөкөй акцияларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү;
- “АЛГА Финанс” ЖАК - жөнөкөй аталыштагы акциялардын үчүнчү чыгарылышын мамлекеттик каттоонун жыйынтыгы таануу;
- “Меркатор” ААКсы — жөнөкөй аталыштагы акциялардын экинчи чыгарылышын мамлекеттик каттоонун жыйынтыгы таануу;
- “Евразиялык сактык банкы” ААК - жөнөкөй аталыштагы акциялардын үчүнчү чыгарылышын мамлекеттик каттоонун натыйжалары таануу:
- “МТН” ЖЧКсы - виртуалдык активдердин биринчи эмиссиясын мамлекеттик каттоонун натыйжалары таануу;
- “Эрнст энд Янг Аудит” ЖЧКсы — Аудитордук уюмдардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде мамлекеттик каттоодон өткөрүү;
- Елизавета Цой - аудиторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестринде мамлекеттик каттоодон өткөрүү;
- Атай Сүйөралиевди мамлекеттик каттоо аудиторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестринде жүргүзүлдү.